Орусияда кырсыктан кийин күйүп кеткен эки жүк ташуучу унаа федералдык трассаны толугу менен тосуп калды (видео)
Красноярск аймагындагы Р-255 Сибирь федералдык трассасында кырсыктан кийин эки жүк ташуучу унаа өрттөнүп, жолду толугу менен тосуп калган. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин облустук башкармалыгы Telegram каналына билдирди.
Федералдык трассадагы кыймылды толугу менен жаап салган кырсык Р-255 Сибирь автожолунун 961-чакырымында болгон. Ал жерде эки жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагылышып, оор жүк ташуучу унаалар күйүп кеткен. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.
Ведомство тараткан кадрларда кара түтүн асманга көтөрүлүп, жүк ташуучу унаалардын күйүп жатканын көрүүгө болот.
Орусияда кырсыктан кийин күйүп кеткен эки жүк ташуучу унаа федералдык трассаны толугу менен тосуп калды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.