super.kg logo

"Татыксыз кадрларды тазалоо күчөтүлөт". Камчыбек Ташиев Ош шаарында УКМКнын жаңы имаратын ачты

 
Бүгүн, 24-декабрда Ош шаарында УКМКнын Аскердик контрчалгындоо башкы башкармалыгынын 4-бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул туурасында мекеменин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, өлкөдөгү бардык аскер кызматкерлеринин ички тартибин тыкыр жөнгө салууга катуу аракеттер көрүлөрүн белгиледи.
"Урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевичтин тапшырмасынын негизинде, мамлекетибиздеги бардык аскер кызматкерлерибиздин кызматтык шарттарын жакшыртуу жана материалдык-техникалык базаларын чыңдоо, курал-жарактарын жаңылоо жана кубаттандыруу багытында олуттуу жумуштарды аткардык жана аткарып жатабыз. Эми мындан ары өлкөбүздөгү аскер бөлүктөрүндөгү, Куралдуу күчтөрдөгү ички тартипти бекемдөө жана иретке келтирүү, татыксыз, мыйзамды сыйлабаган кадрлардан тазалоо иштери күчөтүлөт", - деп билдирген Ташиев.
Мындан тышкары башкармалык алгачкы ирет жаңы имаратка ээ болуп жаткандыгы кошумчаланган. Атайын кызматтын башчысы жаңы имаратты көрүп чыгып, бөлүмдүн жашыл аймагына арча отургузду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: