super.kg logo
  Саясат  

"Акыркысы". Камчыбек Ташиев аскер кызматкерлерине эскертүү берди

 
Куралдуу күчтөрүн тартипсиз, мыйзамды сыйлабаган, аскердик эрежелерди сактабаган аскер кызматкерлеринен тазалоо иштери күчөтүлөт. Бул туурасында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев эскерткенин анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов социалдык баракча аркылуу билдирди.
Атайын кызматтын башчысы бул кадамга барууга мамлекет тарабынан аскер кызматкерлерине шарттарды түзүү аркети көрүлүп жаткан чакта айрым кызматкерлердин өзүн татыксыз алып жүрүүсү негиз болуп жатканы менен түшүндүргөн.
"Айрым аскер бөлүктөрүндө өлкө жетекчилиги тарабынан бир канча ирет берилген эскертүүлөргө карабастан, жоокерлерге уставдык эмес мамиле жасоо, ур-токмокко алуу жана аскердик бөлүктүн мүлкүнө кол салуу сыяктуу мыйзамсыз жана абийирсиз фактылардын катталып жатканы себеп болууда.
Дүйнөдө болуп жаткан учурдагы кырдаалды эске алганда, Кыргыз бийлиги тарабынан аскердик кубаттуулукту чыңдоого карата жасалып жаткан көптөгөн миллиард каражат сарптоо менен ишке ашырылып жаткан иш-аракеттерге аскер кызматкерлери да татыктуу жооп бериши зарыл.
Бүгүнкү күндө белгилүү жана белгисиз сырткы күчтөр тарабынан өз аскердик чалгындоо кызматтары аркылуу Кыргызстандын коопсуздук кызыкчылыктарына каршы келген жашыруун аракеттер жүргүзүлбөйт деп эч ким кепилдик бере албайт", - деп айтылган билдирүүсүндө.
Ташиев УКМКнын тийиштүү бөлүмдөрү аркылуу кыргыз армиясынын атайын иш-чаралардын негизинде тазалоого жана тартипке салууга өзгөчө көңүл бурарын эскертип өткөн.
"Кыргызстанда коомчулуктун бардык тармактарында өз ара ынтымак жана биримдик, тартипти бекем сактоо жана өлкөнүн коопсуздугун көздүн карегиндей сактоо милдети турганын, бул талап, албетте, биринчи кезекте аскер кызматкерлерине тийиштүү экенин унутпоого тийиш", - деп кошумчаланган билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: