super.kg logo

Баары үчүн майрам: Beeline Бишкекте Жаңы жылдык кечелерин ачат

 

Жашыбызга карабастан, ар бирибиз жомоктун, кышкы сыйкырдын жана чыныгы кереметтин бейкапар атмосферасына чөмүлгүбүз келген учур келди. Beeline менен бул мүмкүн!

Ушул дем алыш күндөрү Beeline Кыргызстан уюлдук оператору Бишкек шаарынын тургундарын жана конокторун акысыз майрамдык концерттерге чакырат. Сизди жаңы жылдык чыгармалар, ысык чай, жылуу мамиле жана көптөгөн жагымдуу сюрприздер менен таланттуу музыканттардын аткаруулары күтүп жатат.

Beeline Жаңы жылдык кечелери качан жана кайда өтөт?

  • 28 декабрь:

17:00 – «Космопарк»;

20:00 – Asia Mall.

  • 29 декабрь:

18:00 – ЦУМ.

Бүт үй-бүлөңүз менен келиңиз, досторуңузду чакырыңыз — чогуу дайыма кызыктуураак! Жашооңузду Жаңы жылдык маанай жана жаркын элестер менен толуктоо үчүн сонун мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз.

Жаңы жылдык кече Beelineдын маңыздуу майрамдык программасынын уландысы болот. Буга чейин компания Жалал-Абад, Каракол жана Бишкек шаарларында “Жаңы жыл – бул...” сүрөт тартуу боюнча акысыз мастер-класстарды уюштуруп келген.

Мастер класстардан кеңири фоторепортаж шилтемеде.

Beeline коворкинг борборлорунун жайлуу, чыгармачыл чөйрөсүндө кичинекей сүрөтчүлөр өз шедеврлерин жасоодон ырахат алышты. Ар бир бала жаңы жылдык түстүү сүрөт, даамдуу белек жана жаркын маанай менен үйүнө кайтты.

Beeline жаңы жылдык иш-чаралары кубанычка, жылуулукка жана чыгармачылык жигерге толгон унутулгус көз ирмемдерди тартуулоо үчүн жасалган. Келе жаткан жылда мындай учурлар мүмкүн болушунча көп болсун!

Бул мүмкүн! Бул Beeline!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: