super.kg logo

Бишкекте 130 миң доллар уурдоого шектүү кармалды. Жанынан 79 миң доллар табылды (фото)

 

Бишкектеги үйлөрдө бир катар уурулук кылып жүргөнгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 9-декабрь күнү милицияга Э.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү 6-кичи районунда жайгашкан үйүнөн 130 миң долларын уурдатканын билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган К.У. аттуу жаранды кармаган. Текшерүү учурунда шектүүдөн 74 миң 400 доллар өлчөмүндөгү каражат табылып, алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда. Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: