super.kg logo

Орусияда мигранттардын балдарына апрелден баштап орус тилинен тест тапшыруу милдети коюлат

 

Орусиянын билим берүү министрлиги мигранттардын балдарынын орус тилин билүүсүнө методикалык материалдарды жана тестирлөө системаларын даярдоону аяктап жатканын вице-премьер-министр Дмитрий Чернышенко билдирди. Тестирлөө 2025-жылдын 1-апрелинде башталат. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.

Чернышенко балдардын класстарына карай тесттин деңгээли иштелип жатканын айтып, жылына 155 миң мигранттардын балдары Орусиянын аймактарындагы мектептерге барып жатканын билдирген.

Белгилей кетсек, 11-декабрда Мамлекеттик Дума мигранттардын балдарын орус тилинен билимин текшербестен мектепке кабыл алууга тыюу салган мыйзамды кабыл алган. Демилгечи Думанын төрагасы Вячеслав Володин, вице-спикер Ирина Ярова баштаган топ жана бардык фракциялардын лидерлери болду.

Бул арада Володин буга чейин өткөрүлгөн ар кандай тестирлөөнүн жыйынтыгына таянып, мигранттардын балдарынын 41 пайызы орус тилин билбейт деген тыянагын айткан. Президенттик кеңеш бул мыйзамга каршы чыгып, ал “улуттар аралык кастыкты жана чыр-чатакты күчөтөт” деп эсептеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: