super.kg logo

Сириянын мурдагы президенти Башар Асаддын жубайы өзү туулган Лондонго кире албайт 

 

Сириянын мурдагы президенти Башар Асаддын жубайы Асма Асад өзүнүн туулган жери Лондонго кире албай турган болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Буга чейин Москвада жүргөн Асма Асад күйөөсү менен ажырашууга арыз берип, Улуу Британияга дарыланууга кеткени жатканы айтылган.

Ал эми Улуу Британия өкмөтү Асма Асад өлкөгө кире албай турганын айтып, ага карата коюлган санкция күчүндө экенин билдирген.

"Мен анын санкцияланган адам экенин жана бул жерде кабыл алынбай турганын билдирем", - деген Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми.

Белгилей кетсек, Асма Асад 49 жашта. Ал Улуу Британияда төрөлгөн, анын кош жарандыгы болгон. Ошондой эле Асма Асад 2000-жылы Лондондогу Кингс колледжин бүтүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: