Депутат Марипов Ноокаттагы "Кыргыз-Ата" паркына электрондук шлагбаум орнотууну сунуштады
Бүгүн, 25-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакытбек Марипов Ош облусунун Ноокат районундагы "Кыргыз-Ата" улуттук паркына электрондук шлагбаум орнотууну сунуштады.
Эл өкүлү жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Кубат Касейиновго кайрылып, аталган эс алуу жайын көзөмөлгө алууга чакырды.
"Бир күндө миңге жакын унаа кирип-чыгат. Канча деген акча түшөт. Электрондук шлагбаум жок болгондуктан коррупция болуп жатат. Акча кайда кетип жатканы белгисиз", - деди Марипов.
Касейинов ага 2025-жылы электрондук шлагбаум орнотуу пландалганын айтып, жыйынтыгы тууралуу маалымат берүүнү убадалады.
Жогорку Кеңеш 25.12.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

