super.kg logo

Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги Актауда кырсыктаган учак боюнча билдирүү таратты

 

Казакстандын Актау аймагына жакын жерде кырсыкка учураган учакта 3 кыргызстандык болгон деген маалымат тастыкталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кырсыктан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Кыргызстан тарап жардамга даяр экендигин билдирген.

"Мен Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Чингис Сайранович жана Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министри Камаледин Фаттахович менен тыгыз байланыштамын. Биздин куткаруучулар кырсыкка байланыштуу жардам көрсөтүү үчүн толук даярдыкта турушат. Зарылчылык жаралса кошумча күчтөрдү жана ресурстарды жөнөтүүгө даярбыз.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү органдар менен биргеликте кырсыктын бардык жагдайларын тактап, жарандарыбызга көмөк көрсөтүү боюнча иштерди улантууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык учак Бакудан Грозныйга учуп баратып Казакстанда кулагандыгы айтылган. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Алардын 37си Азербайджандын жарандары. Мындан тышкары 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон. Акыркы маалыматтар боюнча эки кыргызстандык аман калганы белгилүү болду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: