super.kg logo
  Саясат  

"Мен эмес, сиз кечирим сурайсыз!" Депутат Жогорку соттун судьясына жооп берди (видео)

 

Бүгүн, 25-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Алтынбеков Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакировага жооп кайтарды.

Эл өкүлү айрым ЖМКлар Бакированын "Алтынбеков менден эл алдында кечирим сурайт" деп айтканын жазып чыкканын белгилеп, андан кечирим сурабай турганын айтты.

"Мен сизден кечирим сурабайм. Эмне үчүн дегенде, сиз болуп жаткан процесстин төрагасын алмаштырып, анан өзүңүз чечим чыгаргансыз. Ошондуктан мен укук коргоо органдарынан ушул иш боюнча иликтөө жүргүзүп берүүсүн сурандым. Ал сиздин эң жакын курбуңуз болот, ошон үчүн ошондой чечимдерди чыгарып жатасыз. Сиздин кызыкчылыгыңыз менен курбуңуздан мамлекеттин кызыкчылыгы өйдө болушу керек. Мен толук ишенем, өзүңүздүн жакындарыңызга тартканыңыз үчүн сиз менден кечирим сурайсыз", - деди Алтынбеков.

Буга чейин эл өкүлү Жогорку соттун төрагасынын орун басарын соттордун ишине кийлигишип, өз кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат деп айыптаган.

Нургүл Бакирова депутаттын айткандарын өзүнүн дарегине "атайын даярдалган кутум" деп атап, Айбек Алтынбеков андан эл алдында кечирим сурай турганын айткан.






Жогорку Кеңеш 25.12.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: