super.kg logo

Алып баруучу кызды башка чапкан активист Илимбек Исраиловго кылмыш иши козголду

 

Бишкектеги ресторандардын биринде жаңы жылдык иш-чарада алып баруучуларды микрофон менен башка чаап жиберген Илимбек Исраилов аттуу жаранга кылмыш иши козголуп, 5 суткага камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаардык милициясы билдирди.

"Социалдык тармактарда өзүн активист катары көрсөткөн жаран мас абалында коомдук тартипти жана жалпыга тиешелүү жүрүм-турум нормаларын бузуп, иш-чаранын алып баруучуларынын колунан микрофонду алып, атайылап жана себепсиз кол көтөрүп, эскертүүлөрдү кабыл албай, ресторандын коопсуздук кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, микрофонду жерге чаап бузуп салган. Жыйынтыгында 48 миң сом материалдык зыян келтирген", - деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) 1-бөлүгү (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолгон) менен кылмыш иши козголду.

Эми ал 20 миңден 50 миң сомго чейин айып салуу же 3 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылып жазаланышы мүмкүн.

Мындан тышкары Исраилов Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен түзүлгөн протоколдун негизинде бүгүн Октябрь райондук сотунун чечими менен 5 суткага камакка алынды.

Кечээ социалдык тармактарда жаңы жылдык иш-чаралардын биринде катышуучулардын бири алып баруучуларга кол көтөргөн видео тараган. Окуя 22-декабрда борбор калаадагы ресторандардын биринде орун алганы маалым болгон.

Видеодо ал адам алгач алып баруучу баланын колунан микрофонун жулуп алып башка чаап жибергенин, андан соң кызга кол көтөргөнүн көрүүгө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: