super.kg logo

Актаудагы учак кырсыгы: кырсык алдындагы учактын ичиндеги видео тарады

 

Коңшу Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кулаган Azerbaijan Airlines компаниясына таандык учактын кырсык алжында салонундагы видеосу интернетке тарады.

Embraer учагынын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн бири Субхон Рахимов учакта бир нерсе болуп жатканын түшүнүп, видео тартып, дароо жубайына жөнөткөн.

Видеодо учактын кабинасындагы жүргүнчүлөр паникага алдырып жатканы тартылган. Учактын айрым жүргүнчүлөрү сыйынып жатканы дагы угулат.

Эскерте кетсек, бүгүн, 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта ​​кулап түшкөн. Жүргүнчүлөрдү ташыган учак коюу тумандан улам Грозныйга коно албай, алгач Махачкалага, андан соң Актауга багыт алган.

Азырынча кырсыктын себептери боюнча бир нече версиялар айтылууда. Бир версия боюнча, кырсыкка учак менен канаттуулардын кагылышы себеп болгон. Башка маалымат каражаттары учактагы кычкылтек баллону жарылганын кабарлашты. Embraer учагынын учкучу учакты башкара албай калып, Актау аэропортуна 3 мүнөт калганда кулап түшкөн.






Учактын ичиндеги видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: