super.kg logo

Ысык-Көлдө алты баш кунанды алдап алып кеткен жаран кармалды 

 

Тоңдо 6 баш кунанын 474 миң сомго баалап, алдап алып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, Тоң РИИБине 1962-жылы туулган Тоң районунун Кара-Коо айылынын тургуну И.Ж. арыз менен кайрылган. Арызда ал Нарын облусунун Ат-Башы айылынын тургуну 1975-жылы туулган А.А. алдоо жолу менен 6 баш кунанын жалпы 474 миң сомго баалап, кунандарын алып кетип, белгиленген акчалай төлөмдү бербей кеткендиги үчүн мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (“Алдамчылык”) көрсөтүлгөн белгилер боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми шектүү А.А. тергөө жана сот органдарынан жашырынып жүргөн жеринен кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Сурак учурунда шектүү өзүнүн күнөөсүн толук мойнуна алган. Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен шектүүгө карата үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: