super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Актауда кулаган учак: Казакстандын вице-премьер-министри комментарий берди

 

Казакстандын вице-премьер-министри Актаудагы учак кырсыгы боюнча азырынча так маалымат айтуу эрте экендигин брифингде билдирди. Бул туурасында жергиликтүү басылмалар жазышты.

Канат Бозумбаев билдиргендей, ведомстволор аралык ыкчам тергөө тобу түзүлгөн, учурда алардын ишине тоскоолдук жаратып, алдын ала маалымат берүү мүмкүн эмес.

"Мени менен бирге биздин Авиация башкармалыгынын эксперттери да келишти, алар тергөөнүн алкагында бардык далилдерди чогултуп, кырсыктын себебин аныктоого керектүү экспертизаларды жүргүзүп жатат. Алдын ала себебин айтууга мүмкүн эмес. Ал үчүн атайын адистер бар. Келгиле аларга азырынча өз милдетин аткарууга мүмкүнчүлүк берели”, - деген Бозумбаев.

Ал тергөө иштери башкы прокурордун катуу көзөмөлүндө жүрүп жаканын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык учак Бакудан Грозныйга учуп баратып Казакстанда кулагандыгы айтылган. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Алардын 37си Азербайжандын жарандары. Мындан тышкары 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон.

Белгилүү болгондой, кыргызстандык жарандардын баары кыйроодон аман калышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: