super.kg logo
  Саясат  

Нурланбек Шакиев жаңы жылдан кийин аты-жөнүн өзгөртөрүн айтты

 

Бүгүн, 26-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жаңы жылдан баштап аты-жөнүн өзгөртөрүн айтты.

Жыйында кыргызстандыктар үчүн аты-жөнүн өзгөртүүдө тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан.

"Мыйзамдын демилгечилеринин бири катары айтып коёюн, Жаңы жылдан баштап, мен Нурланбек Тургунбекович болбойм, Тургунбек уулу болом. Биз мыйзамды демилгелеп жатып нукура кыргыз аттарын калтыруу боюнча сүйлөшкөнбүз", - деди Шакиев.

Документтин демилгечилеринин бири, депутат Мирлан Самыйкожо мыйзамда фамилия жаздырууда улуттук салтты, тарыхый мурасты жана түпкүлүктү чагылдырган жаңы варианттарын кошуу сунушталганын белгиледи.

Анын айтмында, учурда колдонулуп жаткан "ов", "вич", "ова", "уулу", "кызы" деген аталыштар кала берет дагы, булар менен бирге жаңы аталыштар кошулат. Эл өкүлү долбоордо чоң атасынын атын кыскартып кошуу, чоң атасынын кыскартып кошулган атынан кийин эркектерге атасынын аты менен "уулу", кыз-келиндерге "кызы" дегенди улантып жаздыруу, ошондой эле мурда чоң атасынын атына уланган "тегин" деген аталышты эми "теги" кылып кыскартуу, чоң атасынын атынан кийин "теги" жаздырган эркек жынысындагыларга өз атынан кийин атасынын атына илик жөндөмөсүнүн мүчөсүн улап жаздыруу, аял жынысындагыларга атасынын атына чыгыш жөндөмөсүнүн мүчөсүн улап жаздыруу каралганын билдирди.

Сунушталган мыйзамда мындай аталыштагы аты-жөндү каалаган жарандар гана жаздыра алары, 18 жашка чыга электердин аты-жөнү ата-энесинин каалоосу менен алмашары каралган.






Нурланбек Шакиев Жаңы жылдан кийин аты-жөнүн өзгөртөрүн айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: