super.kg logo

Казакстандагы учак кырсыгынан 38 адам каза болгону маалым болду

 

Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кырсыктаган учактан 38 адам каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыкка кабылган учактын ичинде 67 адам болгон, анын 38и каза тапты. Калган 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жаткырылган.

"Учурда каза болгон адамдардын өздүгүн тактоо иши жүрүп жатат", - деп билдирди ӨКМ.

Маалым болгондой, учакта 5 экипаж, 6 Казакстандын, 37 Азербайжандын, 16 Орусиянын, 3 Кыргызстандын жараны болгон.

Учурда Кыргызстандын үч жараны дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылды.

Эскерте кетсек, кечээ, 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта ​​кулап түшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: