super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш ыш маселесин жаңы жылда карайт (видео)

 

Жогорку Кеңештин бүгүн, 26-декабрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкек калаасындагы ыш көйгөйүн кайрадан көтөрүп, парламентте тиешелүү кызматтардын маалыматын угууну сунуш кылды.

"Баягы эле ыш боюнча" деген эл өкүлү төрага Нурланбек Шакиевге кайрылып, жаңы жылда алгач аталган маселени кароону сунуштады.

"Эми болбойт го, биз каражатты бөлдүк, мына насыя да, грант да алдык. Бир топ эле токтомдорду бекиттик. Өкмөттө дагы пландар бар. Бирок бир жерде иштебей жатат да, же таптакыр эле иштебей элеби? Ошол маалыматты угалычы. Биздин токтомубуз кандай аткарылып жатат. Жаңы жылда ушул маалыматты угуп коёлу. Себеби ыштын артынан бир топ онкологиялык оорулар, башка оорулар пайда болуп жатат", - деди Бекешев.

Буга төрага: "Бул маселе боюнча тиешелүү тапшырмалар берилген. Буюрса, жаңы жылда тийиштүү комитеттер менен бул маселени карайбыз. Мамлекеттик органдар дагы бул боюнча өзүлөрүнүн даярдыктарын көрүп жатат", - деп жооп кайтарды.

Маалымат үчүн: World Air Quality уюмунун 26-декабрь саат 11:40ка карата индексинде Бишкек абасы кир шаарлардын катарында 35-сапка жайгашты.






26.12.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: