super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш дин тууралуу мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырды

 

Бүгүн, 26-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбооруна каттоодон өткөн 88 депутаттын 76сы макул деп добуш берсе, каршы добуш баскандар болгон жок. Эми ага президент кол коюшу керек.

Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоору күчүнө кирсе, китепчелерди жана баракчаларды таратууга, диний агымдарды жайылтуу максатында диний багыттагы объекттерди кошпогондо, үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат.

Мындан сырткары диний негизде партияларды жана башка саясий түзүлүштөрдү түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна жол берилбейт. Мечит, медреселер жана башка диний мекемелер сөзсүз каттоодон өтүшү керек. Мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда кызматтык иштерге байланыштуу кийимдерди кошпогондо адамдын жүзүн таанууга тоскоол болгон кийимдер (бет кап, паранжа, никаб өңдүү) менен жүрүүгө тыюу салынат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 30-августта “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон. Бул документ коомчулукта кызуу талкуу жаратып, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлүп, алар кайра иштеп чыккан.

Аталган мыйзам долбоору парламенттин 12-декабрдагы жыйынында биринчи окууда жактырылган.






Жогорку Кеңеш 26.12.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: