super.kg logo

Казакстан Актаудагы кырсыктан кийин аэропортторду пландан тышкаркы текшерүүдөн өткөрөт

 

Актауга жакын жердеги авиакырсыктан кийин Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов өлкөдөгү бардык аэропорттордун жана учактардын техникалык абалын текшерүүнү тапшырды.

"Бул кайгылуу окуя учуу коопсуздугу үчүн дагы белгилүү бир чараларды көрүү керектигин көрсөттү. Биринчи кезекте пландан тышкаркы аудит жүргүзүп, аэропорттордун жана учактардын техникалык абалын өзгөчө көзөмөлгө алуу зарыл", - деди өкмөт башчы.

Ал ошондой эле казакстандык авиакомпаниялардын учактарынын экипаждарынын квалификациясын, уруксаттарын жана компетенттүүлүгүн кайра текшерүүнү тапшырды.

Эскерте кетсек, 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта ​​кулап түшкөн. Учактагы 38 жүргүнчү каза болуп, 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жеткирилгендиги айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: