super.kg logo
  Саясат  

Жүзүн жаап жүргөндөргө 20 миң сом айып салынат. Ага Бекешев каршы чыкты (видео)

 

Бүгүн, 26-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев дин тууралуу мыйзам долбоорунда жүзүн жаап жүргөн жаранга салынчу 20 миң сом айыптын өлчөмү көп экенин айтып, сынга алды.

Эл өкүлү аны 5 миң сомго түшүрүүнү сунуштады.

“Себеби автоунаанын айнегин караңгылатканга, сойкулукка 20 миң сом айып каралган, бейбаштыкка 5 жарым миң сом, коюлган чектен 60 чакырым саат ашыкча ылдамдык менен айдаганга 15 миң сом, ал эми жүзүн толук жапканга 20 миң сом айып. Бул эмне дегени? Жөлөк пулду алсак, араң эле 8 миң сомго чыгат. Жүзүн жаап жүргөндөр булар – аялдар. Анан да жүзүн жамынгандардын көбү жакыр жашагандар”, - деди Бекешев.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов айыптын көлөмүн азайтууга каршы экенин айтып, азырынча ушул шартта иштетип көрүүнү сунуштады.

Жыйынтыгында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.






Жогорку Кеңеш 26.12.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: