super.kg logo
  Саясат  

ТИМ Казакстандын аймагында кулаган учактан аман калган кыргызстандыктардын абалы тууралуу маалымат берди

 

Кечээ, 25-декабрда болгон авиакырсыкка байланыштуу Кыргызстандын Казакстандагы Элчилиги тарабынан жабыркаган Кыргызстандын жарандарына ар тараптуу жардам көрсөтүү боюнча ыкчам чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматта эки кыргызстандыктын өмүрүнө коркунуч жаралбаганы айтылган. Ал эми үчүнчү кишинин абалы оор экендиги кошумчаланды.

"Азербайжандын, Орусиянын жана Казакстандын дарыгерлеринин консилиумунда аны жасалма дем алдыруучу аппаратка кошуу чечими кабыл алынды. Операция абалы жакшырганда гана жасалат", - деп айтылат маалыматта.

Маалымдалгандай, Мангистау облусундагы кыргыз диаспорасы жабыркагандарга көмөк көрсөтүп, байланышта болуп жатат. 28-декабрда аман калгандардын жакындары Казакстанга барат.

Эскерте кетсек, кечээ, 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта ​​кулап түшкөн. Учактагы 38 жүргүнчү каза болуп, 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жеткирилгендиги айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: