super.kg logo
  Саясат  

Ленинградда өткөн ЖЕЭКтин отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду 

 

Бүгүн, 26-декабрда Орусиянын Ленинград облусунда өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кеңейтилген курамдагы отурумда мамлекеттердин лидерлери ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекеттердин башчыларына жана чакырылган Иран делегациясынын башчысына сөз берүү чечимин кабыл алышты, анткени негизги талкуулар чакан курамдагы отурумдун жүрүшүндө өттү.

Анда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев сөз сүйлөп, Кубанын президенти Мигель Марио Диас-Канель Бермудестин видео кайрылуу жасады, чакырылган мамлекеттин делегация башчысы - Ирандын өнөр жай, кен жана соода министри Сейед Мохаммад Атабакка сөз берилди.

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаевдин сөзүнөн кийин бир катар маанилүү чечимдер жана документтер кабыл алынды.

Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин башчылары бир келишимге жана бир протоколго кол коюшту:

ЕАЭБдин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашуу жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге иликтөөлөрдү жүргүзүүдө жана атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу же колдонбоо жөнүндө чечимдерди кабыл алууда өзгөчө механизмге тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол.

Мындан тышкары ЖЕЭК 18 актыны кабыл алды.

2025-жылы ЕАЭБ органдарында төрагалык кылуу Армениядан Беларуска өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: