super.kg logo

Алып баруучуларды микрофон менен чапкан окуя: Жабыркаган кыз кийинки кадамын билдирди

 

Бишкекте тойканалардын бириндеги иш-чарада катышуучулардын биринин агрессиясына кабылган алып баруучу кыз Керемет Сабыржанова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, укугун коргой турганын айтты.

"Болуп өткөн соңку жагымсыз окуядан кийин эми гана билдирүү жазууга дарманым жетти. Колдооңуздар үчүн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем!

Мен аялзатына карата мындай өтө жагымсыз, терс окуялар кайталанбашы үчүн мыйзамдуу укугумду коргойм. Башымдын ооруксунганынан дагы эркек кишинин агрессивдүү кебетеси, соккусу көз алдымдан кетпей психологиялык, моралдык жактан жабыркадым. Видеонун тарап кетиши да мага оңой болгон жок. Учурда абалым канааттандырарлык. Талаптагыдай медициналык текшерүүлөрдөн өтүп жатам", - деп жазды ал.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда жаңы жылдык иш-чаралардын биринде катышуучулардын бири алып баруучуларга кол көтөргөн видео тараган. Окуя 22-декабрда борбор калаадагы ресторандардын биринде орун алган. Видеодон ал адам алгач алып баруучу баланын колунан микрофонун жулуп алып башка чаап жибергенин, андан соң кызга кол көтөргөнүн көрүүгө болот.

Окуядан көп өтпөй ал жарандык активист Илимбек Исраилов экени белгилүү болгон. Ал жасаган иши үчүн кечирим дагы сураган болчу. Көп өтпөй Бишкек шаардык милициясы Исраилов кармалып, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен 5 суткага камакка алынганын жана ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) 1-бөлүгү (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолгон) менен кылмыш иши козголгонун билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.12.2024. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урган адам агрессия, чыдамсыздык, айбандыктын үлгүсүн көрсөттү. Мындай адамдар эктримисттик аракеттерге баруусу толук мүмкүн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: