Ош шаарында 600 баланын катышуусунда мэрдин балаты майрамы болду (сүрөттөр)








Бүгүн, 27-декабрда Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрда Ош шаарынын мэринин балдар үчүн жаңы жылдык “Алтын балаты – 2025” майрамы болуп өттү. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, мэр Бакытбек Жетигенов шаардын жаш тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.
Белгиленгендей, майрамдык иш-чарага 600дөн ашуун мектептин алдыңкы окуучулары, майыптыгы бар, аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.
Майрамдык иш-чаранын алкагында балдарга шаардык маданият башкармалыгы, “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору тарабынан оюн-зоок программасы тартууланып, соңунда таттуу белектер тапшырылгандыгы маалыматта кошумчаланган.
Ош шаарындагы балдардын балаты майрамы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.