super.kg logo

Кремль Азербайжандын айыптоосу боюнча үн катты

 

Кремль алдын ала Казакстанда кырсыкка учураган Азербайжандын учагы боюнча комментарий бере албайт. Бул туурасында орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин орус басылмалары жазышты.

Маалымдалгандай, Песков Азербайжандын айткан айыптоосу боюнча жазылган маалыматтарды биле турганын журналисттерге билдирип, учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу алдын ала баа берүү кыйын экендигин эскертти.

“Учурда бул каргашалуу окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат жана тергөөдөн жыйынтык чыкмайынча биз эч кандай баа берүүгө укугубуз жок деп эсептейбиз. Авиация багытын караган тармактар гана бул боюнча маалымат бере алышы мүмкүн“, - деп баса белгилеген.

Белгилей кетсек, буга чейин азербайжандык авиакомпаниянын учагы Орусиянын жер-аба ракетасы менен атып түшүрүлгөнүн Euronews агенттиги Азербайжан өкмөтүндөгү булактарына таянып жазган.

Эскерте кетсек, 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта ​​кулап түшкөн. Учактагы 38 жүргүнчү каза болуп, 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жеткирилгендиги айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: