Салтанат Нукенованын үй-бүлөсүнүн жактоочусуна кылмыш иши козголгону айтылууда
Салтанат Нукенованын үй-бүлөсүнүн жактоочусу Жанна Уразбаховага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Маалыматтарга караганда, адвокат Жанна Уразбахова сотко чейинки тергөө материалдарды ачыкка чыгаргандыгына байланыштуу кылмыш иши козголгон.
Маалыматта бул боюнча Алматы шаардык ички иштер башкармалыгы комментарий бере элеги айтылган.
Эске салсак, 13-майда Астана шаарында жубайы Салтанат Нукенованы кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөн делген Куандык Бишимбаевдин резонанстуу иши боюнча соттук отурум аяктап, судья мурдагы министрди 24 жылга эркинен ажыраткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.