super.kg logo

Актауда кулаган учак: Аман калган жүргүнчү кырсык тууралуу айтып берди (видео)

 

Актаудагы учак кырсыгынын алдында учактын ичинде видео тартып, келме келтирип жаткан жүргүнчү кырсык тууралуу айтып берди. Анын видеосу социалдык тармактарда тарады.

"Мен өлүм алдында дуба айтып үлгүрүшүм керек деп ойлодум. Келиме айтып, Кудай менен кездешүүгө даярдана баштадым. Адамдар ордуларынан туруп, дүрбөлөңгө түшүп жатканда стюардессалар келип, "орундуктарга отуруп, тынчтыкты сактаңыздар, баары жакшы болот" дешти. Тирүү калам деп ойлогон жокмун. Бирок учактын учуусу калбына келе түштү, жүргүнчүлөр тынчтанып калышты.

Бир аздан кийин учак кайрадан чайпала баштады. Эл чуулдай баштады. Учак жерге кулаганда эсимде болчумун. Коопсуздук курун тагынып алгам. Отурган абалда чайкалып, ар нерсеге урунуп жаттым. Ал бир канча секундга созулду да, тынчып калды. Ошондо жерге конгонубузду түшүндүм. Денемди кармасам аман экен. Же кубанаарымды, же ыйлаарымды билбей калдым. Маңдайымда бир аял кысылып калыптыр, аны алып чыктым", - деген ал.

Эскерте кетсек, 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта ​​кулап түшкөн. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Анын ичинен 37си Азербайжандын жарандары. Мындан тышкары 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон.

Учактагы 38 жүргүнчү каза болуп, 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жеткирилгендиги айтылган. Кыргызстандык жарандардын баары кыйроодон аман калышкан.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: