super.kg logo
  Саясат  

Орусияда 1-январдан тарта чет элдиктерге көзөмөл күчөтүлөт. ТИМ кыргызстандыктарга кайрылды

 

Орусиянын миграциялык мыйзамдарына 2025-жылдан тарта өзгөртүүлөр кирип, чет элдик жарандарга көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Орусияда болуу мөөнөтү 1-январдан тарта 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскартылат. Бул уруксат документтери жок (мисалы, убактылуу/туруктуу жашоого уруксат, эмгек же жарандык-укуктук келишим) жарандарга тиешелүү.

Ал эми 5-февралдан баштап Орусиянын ички иштер органдары соттор менен бирге чет элдик жарандарды укук бузуулары үчүн өлкөдөн чыгара алат

ТИМ кыргызстандыктарды Орусиянын миграциялык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөргө статусун ылайыктап алуу үчүн тиешелүү органдарга кайрылууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: