super.kg logo

Нарында аткаминерлер коррупцияга шектелип кармалды (видео)

 

Нарында токой чарба ишканасынын мурдагы директору жана Нарын кадастрынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын токой фондусунан болжолдуу баасы 1 миллиард 168 миллион сомду түзгөн, аянты 208,7 гектар жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүү жана ижарага берүү фактысы аныкталды.

"2016-жылдын июнь айында ӨКМге караштуу Токой кызматынын Нарын токой чарбасынын директору У.Ш. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, келишим түзүү жолу менен атасы Б.Ш.га токой фондусунун жалпы аянты 208,7 га жер участогун 45 жылдык мөөнөткө ижарага берген. Ошол эле жылы бул жер тилкесинде У.Ш. тарабынан эч кандай документтери жок үй жана кашар курулган. Андан кийин У.Ш. өзүнүн иш-аракеттерине мыйзамдуулук берүү максатында Нарын райондук сотунун төрагасы Э.М. менен кылмыштуу бүтүм түзүп, 2017-жылдын 3-апрелинде Б.Ш. турак үйү жана курулмалары бар 356,4 м2 жер участогунун менчик ээси деп таануу жөнүндө соттун чечимине жеткен", - деп айтылат маалыматта.

Андан ары ошол эле жылы соттун чечиминин негизинде Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Нарын филиалынын кызматкери Ж.М. менен тил табышып, У.Ш. 1393,57 чарчы метр жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт алган, бул Нарын райондук сотунун чечиминде көрсөтүлгөн жер тилкесинин өлчөмүнөн бир топ ашып кеткен.

"Ушул жылдын 25-октябрында Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, аталган У.Ш. жана Ж.М.га карата 27-октябрда Нарын шаардык сотунун чечими менен бир айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынган. 208,7 гектарды түзгөн аталган жер тилкеси имараттары жана курулуштары менен бирге мамлекеттин балансына кайтарылды", - деп айтылат билдирүүдө.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: