super.kg logo

Актаудагы учак кырсыгы: Путин Алиевден кечирим сурады

 

Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен сүйлөшүү учурунда Azaerbaijan Airlines учагы менен болгон трагедиялуу окуя Орусиянын аба мейкиндигинде болгондугу үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу Кремль кабарлады.

Өлкө лидерлери орус тараптын демилгеси менен болгон сүйлөшүүдө кырдаалды талкуулашкан.

"Владимир Путин трагедиялуу окуя Орусиянын аба мейкиндигинде болгондугу үчүн кечирим сурады жана каза болгондордун жакындарына дагы бир жолу чын жүрөктөн көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады", - деп айтылат Кремлдин билдирүүсүндө

Кремль Азербайжан учагы Грозныйдын аэропортуна бир нече жолу конууга аракет кылганын белгиледи.

"Ошол учурда Грозный, Моздок жана Владикавказга украиналык согуштук учкучсуз учуучу аппараттар чабуул жасап, Орусиянын абадан коргонуу системалары бул чабуулдардын мизин кайтарып жаткан", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта ​​кулап түшкөн. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Анын ичинен 37си Азербайжандын жарандары. Мындан тышкары 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон.

Учактагы 38 жүргүнчү каза болуп, 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жеткирилгендиги айтылган. Кыргызстандык жарандардын баары кыйроодон аман калышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: