Садыр Жапаров УКМК төрагасынын орун басарлыгына Курванбек Авазовду дайындады
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын Антитеррордук борборунун директору болуп Курванбек Авазов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Бул кызматты 2020-жылдын ноябрь айынан бери аркалап келаткан Айбек Шаменов 24-декабрда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.
Авазов Курванбек Рахманович 1970-жылы 6-октябрда туулган. 2020-жылы "Реформа" партиясынын тизмеси боюнча №25 сапта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Ошол кезде ал УКМКнын тергөө бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап турган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

