super.kg logo

Түштүк Кореядагы учак кырсыгы: Каза тапкандардын саны 167ге жетти

 

Бүгүн, 29-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:07де Түштүк Кореянын Муан эл аралык аэропортунда болгон учак кырсыгынан каза болгондордун саны 167ге жеткенин Ренхап агенттиги өрт өчүрүү кызматына таянуу менен билдирди.

Маалыматка караганда, "Jeju Air" авиакомпаниясынын учагынын кыйрашынан жергиликтүү убакыт менен саат 17:11ге (Кыргызстанда 14:11ге) карата 167 адам набыт болгону расмий тастыкталды.

Таиланддан Түштүк Кореянын Муан шаарына багыт алган Боинг 737-800 учагы бортунда 181 киши менен Муан аэропортуна конуп жатып учуп-конуу тилкесин ашып кетип, тосмону сүзүп алган.

Бангкоктон учуп келе жаткан учакта 175 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгон. Жүргүнчүлөрдүн ичинен 173 адам Түштүк Кореянын, дагы экөө Таиланддын жарандары.

Кыйраган учактагы 181 адамдын ичинен эки аял тирүү калды. Бири жүргүнчү, экинчиси экипаждын мүчөсү. Алар Мокихо шаарындагы ооруканага жеткирилгени айтылган. Учурда алардын абалы тууралуу маалымат жок.

Калган 179 адамдын баары каза болгону кабарланууда, бирок расмий тактала элек. Калгандарынын тек-жайы такталууда






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: