super.kg logo

"Жүрөгүм ооруп турат". Түштүк Кореянын импичмент жарыяланган президенти кырсык боюнча үн катты

 

Түштүк Кореянын импичмент жарыяланган президенти Юн Сок Ёль бүгүн, 29-декабрда өлкөнүн түштүк-батыш бөлүгүндө болгон авиакырсыктын курмандыктарына көңүл айтты. Ал Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырганын Ренхап агенттиги жазды.

"Бүгүн Муан эл аралык аэропортунда кыйраткыч кырсык болду. Абдан кайгырып турам, жүрөгүм ооруду. Курман болгондорго жана алардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мен өкмөт кырдаалды жөнгө салып, курман болгондорго жана алардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн колунан келгендин баарын жасайт деп ишенем", - деп жазган Юн.

Эске салсак, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль республикада аскердик абал киргизген. Ал муну Түндүк Кореянын коммунисттик күчтөрүнүн коркунучунан өлкөнү коргоо менен байланыштырган. Андан 11 күн өткөндөн кийин, 14-декабрдагы парламенттик добуш берүүнүн жыйынтыгында ага импичмент жарыяланган.

Юн кызматынан убактылуу четтетилгенден бери учурдагы иштер боюнча комментарий берген эмес.

Соңку маалыматтарга флайык, Муан эл аралык аэропортунда кыйраган учактагы 181 адамдын ичинен 177 киши каза болуп, дагы экөө дайынсыз болууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: