Учак кырсыгында жабыркагандарды алып келүү үчүн медиктер Актауга жөнөп кетишти
Бүгүн, 29-декабрда учак кырсыгынан жабыркаган Кыргызстандын жараны Ринат Асановду мекенине жеткирүү үчүн бардык керектүү медициналык жабдыктары менен медициналык бригада Актау шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматкери Жылдыз Айгерчинова Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ал бейтаптарды алып келүү саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө экенин белгиледи.
Учак кырсыгынан 3 кыргызстандык жабыркаган. Буга чейин экөөнүн абалы жакшы экени, алар да жаңы жылга чейин Кыргызстанга алып келинери айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.