super.kg logo

Грузияны эми эки президент башкарабы?

 

Михаил Кавелашвили

Бүгүн, 29-декабрда Грузияда Саломе Зурабишвилинин ордуна президент болуп келген Михаил Кавелашвилинин инаугурациясы өттү. Салтанат парламентте чектелген сандагы адамдардын, негизинен бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Ант берүү иш-чарасы жарым саатка созулду. Кавелашвили шайлоочулар коллегиясынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгында көрсөтүлгөн жалгыз талапкер катары президенттик кызматка киришти.

14-декабрда Грузияда шайлоочулар коллегиясы президенттикке мурдагы футболчу, 53 жаштагы Михаил Кавелашвилини тандаган. Оппозиция жана азыркы президент Саломе Зурабишвили бул шайлоону тааныган эмес.

Paper Kartuli басылмасы демонстранттар Руставели проспектисиндеги имараттын жанына чогулуп, Кавелашвилинин футболчу катары карьерасына шилтеме жасап, кызыл карточкаларды алып келишкенин жазды. Ички иштер министрлиги Тбилисинин борбордук көчөлөрүн жаап, иш-чара аяктагандан кийин демонстранттарды кармоо башталды. Демонстранттар жол кыймылын жаап салган деп айыпталууда. Кеминде төрт киши камакка алынганы кабарланды.

Бир күн мурун Саломе Зурабишвили жарандарды президенттик сарайга чогулууга чакырып, Кавелашвилини легитимдүү деп тааныбай турганын билдирген. Оппозиция да жаңы президентти таануудан баш тартты.

Бүгүн Зурабишвили президенттик резиденциянын алдына топтолгондордун алдына чыгып сөз сүйлөп, Кавелашвилинин инаугурациясын "пародия" деп атады.

Грузияда евроинтеграция токтотулгандан кийин күчөгөн демонстрациялар ноябрь айынан бери уланууда. Transparency International Georgia уюмунун маалыматы боюнча, нааразылык акциялары учурунда жалпысынан 400дөй адам камакка алынып, анын 30уна кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: