31-декабрда "Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт болот
Эртең, 31-декабрда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында майрамдык концерт өтөт. Иш-чара саат 18:00дө башталарын калаа бийлиги кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, концертте кыргыз эстрада жылдыздары, орусиялык белгилүү ырчы Клава Кока жана легендарлуу «Дискотека Авария» тобу жагымдуу маанай тартуулашат.
Шаардык мэрия калаа тургундарын жана конокторун майрамдык концертти көрүүгө чакырат. "Үй-бүлөңүз менен, досторуңузду чакырып, жаңы жылды шаарыбыздын жүрөгүндө тосууга келиңиздер!" - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.