ЭЛДИК КАБАР: Майлуу-Суудагы оорукананын абалы өтө начар экени айтылды (видео)
SUPER.KG порталынын Элдик кабар бөлүмүнө кайрылган окурмандар Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы оорукананын балдар бөлүмүндө жылуулук өтө аз берилип жатканын билдиришти.
Алардын айтымында, ооруканада жылуу суу жок, бейтаптар жата турчу керебеттердин эскилиги жеткендиктен оңдоп жатууга туура келет жана кыштын суугунда өз каражатына терезелерди жылуулашкан.
"Жарык эптеп күйөт, терезесинен суук кирип турат. Балдар айыкпай эле, кайрадан дарыланууга муктаж болуп жатат. Өзүбүз тосуп жылуулап жатабыз, бирок эшиги дагы жакшы жабылбайт. Жата турган керебеттеринин дагы абалы начар, астына тактай коюп жатууга туура келет", - деди кайрылгандардын бири.
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы ооруканын балдар бөлүмү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.