super.kg logo

Актауда кырсыктаган учактын кара кутусун Бразилия изилдейт

 

Азербайжандын объективдүү жана принципиалдуу позициясын эске алуу менен Актауга жакын жерде кыйраган Азербайжан аба жолдоруна таандык Embraer 190 жүргүнчү учагынын кара кутуларын Бразилиянын авиакырсыктарды иликтөө жана алдын алуу борборуна (CENIPA) жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Азербайжандын Санариптик өнүгүү жана транспорт министрлиги билдиргендей, “кара кутуларды” CENIPAга жеткирүү жана изилдөө процесси азербайжандык эксперттердин түздөн-түз колдоосу жана түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылат.

Мындан тышкары бул процесске Азербайжан тарабынан тартылган аталган тармакта адистешкен эл аралык эксперттер катышат. Бул ыкма инциденттерди иликтөөнүн толук ачык-айкын жана эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүшүн камсыз кылууга багытталган.

Маалымдалгандай, CENIPA авиакырсыктарын иликтөөдө жогорку техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Борбор заманбап жабдуулар менен жабдылган жана эл аралык сертификатталган маалыматтарды чечмелөөчү лабораторияларга ээ.

Эске салсак, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык учак Бакудан Грозныйга учуп баратып Казакстанда кулаган. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Алардын 37си Азербайжандын жарандары. Мындан тышкары 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: