super.kg logo

Түштүк Кореянын соту президентти камакка алууга ордер берди

 

Түштүк Кореянын соту өлкөнүн тарыхында биринчи жолу кызматтан убактылуу четтетилген, бирок дагы эле кызматта турган президент Юн Сок Ёлду камакка алуу ордерин берди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Эреже катары, камакка алуу ордери берилген күндөн тартып бир жума бою күчүндө болот. Мындан тышкары президенттин үйүн тинтүүгө да уруксат берилген. Коррупциялык аракеттерди иликтөө бюросу (CIO) жакын арада ордерди ишке ашыруу үчүн чара көрөрү күтүлүүдө.

Басылмалар белгилегендей, Юн Сок Ёл азыркы мамлекет башчысы катары, убактылуу болсо да, президенттин коопсуздук кызматынын коргоосунда. Буга байланыштуу агенттик президентти камакка алуу аракетинде коопсуздук кызматкерлери каршылык көрсөтүшү мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.

Белгилей кетсек, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган. Көп өтпөй депутаттар аскердик абалды алып салууга добуш беришкен. Буга улай оппозиция парламентке президентке импичмент жарыялоо долбоорун алып кирген. Бирок көпчүлүктү түзгөн бийликтин партиясынын мүчөлөрү бойкот жарыялап, 105 депутат жыйындан чыгып кеткен. Ошентип Ёл биринчи импичмент маселесинен кутулган болчу. Көп өтпөй Түштүк Кореянын Юстиция министрлиги президенттин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган.

Болуп өткөн окуядан кийин депутаттар Юн Сок Ёлдун аскердик абалды жарыялоосуна байланыштуу айыптарды иликтөө үчүн атайын прокурорду талап кылган мыйзам долбоорун кабыл алган. Мындан улам Ёл 2 жолу суракка чакыртылып, ал баруудан баш тартканы маалым. Ёл суракка келбей койгонуна байланыштуу Коррупцияга каршы тергөө башкармалыгынын башчысы президентти камоого ордер чыгаруу үчүн арыз менен кайрылууну караштырып жатканын билдирген. Бул иш боюнча Хан Док Су дагы суракка чакыртылганы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: