Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Испанияга барат






Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев U-20 жаштар курамасынын оюнчулары, команданын машыктыруучулук жана административдик штабынын мүчөлөрү менен жолукту. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, алар 2025-жылкы Азия кубогуна даярдыгын улантуу үчүн 3-январдан тарта Испаниянын Аликанте шаарында окуу-машыгуу жыйын өткөрөт. Машыгуулар «Pinatar» базасында орун алат.
КФБ башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын футбол боюнча курамасы алгачкы жолу Европа өлкөсүндө жыйын өткөрө тургандыгын белгилеп, андан үзүрлүү жыйынтык болоруна ишенерин айтты. Окуу-машыгуу жыйын үчүн кураманын делегациясын Айбек Алыбаев жетектеп барат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.