Ондон ашуун мамлекеттин башчылары Садыр Жапаровго куттуктоо телеграммасын жөнөттү
Өлкө башчы Садыр Жапаровдун дарегине Жаңы жылга карата куттуктоолор келип түшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчылары Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктоодо.
Алардын катарында Орусиянын президенти Владимир Путин, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжандын өлкө башчысы Илхам Алиев, Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер баштаган ондон ашуун мамлекеттердин башчылары бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

