super.kg logo

Эстониянын кылым жашаган экс-президенти каза болду

 

Эстонияда 2001-2006-жылдары мамлекет башчысы болуп иштеген экс-президент Арнольд Рюйтель каза болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, ал 96 жашында дүйнө салды. Буга байланыштуу өлкөнүн азыркы президенти Алар Карис көңүл айтты.

Рюйтель Эстониянын Европа биримдигине жана НАТОго кирүү идеясын активдүү колдогондордун бири болгон.

Белгилей кетсек, АКШнын мурдагы президенти Жимми Картер 30-декабрда каза болгон. 2024-жылы ал 100 жашка чыккан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: