super.kg logo

"Жалгыз чыкпаңыз!" ӨКМ эс алуучуларга тоодо жүрүү коопсуздугун эскертти  

 
Жаратылышта, бийик тоодо, шар суунун жээктеринде эс алууну сүйүүчүлөр көп. Мындай жерде коопсуздук эрежелерин так сактоо керектигин ӨКМ эскертет.
Коопсуздукту сактоонун эң жөнөкөй 13 эрежеси:
1. Тоо маршрутунун татаал тилкесине даярданбастан, климатына көнбөстөн жүрүшкө эч качан жалгыз чыкпаңыз.
2. Кышында тоо эс алуу базасынын лыжа тебүү тилкесинин коопсуздугун текшерип алуу оң.
3. Тоодогу жагымсыз шарттарда – калың кар түшкөн соң 2-3 күндөн кийин, туманда, төмөнкү температурада, кар көчкү жүрчү аймактарга чыгууга болбойт.
4. Аба ырайы бузулганда, караңгыда, кечке жуук жүрүш жасабаңыз. Күндүзгү жөө жүрүштүн негизги бөлүгү эртең менен жасалганы ийгиликтүү.
5. Тоо жүрүшүндө спирт ичимдиктерин ичүү ден соолукка зыян экенин эстен чыгарбаңыз.
6. Таштары бош ойдуңдардан өйдө-ылдый чыгуудан качыңыз.
7. Аскалардын боорунан, муздан өткөндө абайлайлы. Анткени тайгак.
8. Жыгылып калганда, жаракат алганда өзүңүздү-өзүңүз кармап, жардам чакырыңыз.
9. Башты соккудан коргой турган каска, дененин ачык бөлүктөрүн күнгө күйүүдөн, аппак карга алдыруудан сактоо үчүн кол жана бет кап кийүү зарыл.
10. Аскаларды бойлой же таштан-ташка секирбей, жай жылып түшүңүз.
11. Карлуу эңкейиштерден эртең менен өтүү керек (күн жакшы тие электе).
12. Катуу жамгыр, мөңдүр жааса, аба ырайы төмөндөсө тоодогу жүрүштү токтотуу зарыл.
13. Эгерде тоодо жүргөндө күн күркүрөсө, темир буюмдарыңыздан, жалгыз дарактан, суу жээгинен алыс болуңуз. Анткени булар чагылганды өзүнө тартарын унутпаңыз.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: