super.kg logo
  Саясат  

"Эртең ыйлабаңыздар!" Камчыбек Ташиев жемкорлорго акыркы эскертүүсүн берди (видео)

 

Кармалган жемкорлор камалат, жакындары мамлекеттик кызматтан четтетилет. Мындай билдирүүсүн Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев 1-январда өз социалдык баракчасы аркылуу кайрылуусунда билдирди.

Атайын кызматтын башчысы уюшкан кылмыштуу топту жок кылгандай, коррупционерлерден да мамлекет тазалана тургандыгын айтып, ар бир мамлекеттик кызматты тизмектей эскертүү берди.

"Бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуу топ деген жок, ошондой эле коррупцияны жок кылганга бүт күчүбүздү жумшап жатабыз. 1-январдан баштап коррупцияга каршы күрөшүү мыйзамдары катаалданды. "Билбей калыптырмын" деген болбош керек. 2025-2026-жылы коррупцияны жок кылуу аркети көрүлөт. Баары эле жеңиш кыйын экенин айтып жатышат, бирок максат коюп жатабыз. Кооррупция менен кармалгандарга эми кандай чара колдонулат:

  1. Түрмө мөөнөтүн алышат;
  2. Ата-энеси, бир туугандары, жакындары жана өмүрлүк жары мамлекеттик кызматтан четтетилет;
  3. Түрмөдөн чыккан соң өмүр бою эч бир мамлекеттик кызматта иштей албайт.

Ачык кайрылгым келет. Коррупциялык элементтерге барбоого чакырам. Айрыкча билим берүү, саламаттык сактоо тармагындагы кызматкерлерге, акимдер, айыл өкмөттөр, мамлекеттик сатып алуулар, айтор, бардык мамлекеттик кызматкерлерге айтып коёюн. Эртең "билбей калыптырмын" деп ыйлабаңыздар. 2025-2026-жылдарды коррупциялык элементтер калбаш керек", - деди Ташиев.






УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: