Ошто көп кабаттуу үйдүн жертөлөсүнөн өрт чыкты



Бүгүн, 2-январда Ош шаарындагы Раззаков көчөсүнүн №20 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жертөлөсүнөн өрт чыккан. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, куткаруучулар тарабынан 15 жаран коопсуз жайга чыгарылган. Өрт өчүрүүгө саат 12:15де 1 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 12:41де толугу менен өчүрүлгөндүгү маалыматта кошумчаланган.
Учурда анын себептери такталууда. Жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.