super.kg logo

"Крокустагы" теракт боюнча жаңы маалыматтар белгилүү болду

 

Стамбул шаарынын прокуратурасы Москванын жанындагы "Крокус Сити Холлдогу" терактты координациялаган деп айыпталган беш чет элдикти 7,5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратууну соттон суранды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, алар террорчу делгендерге ири суммадагы акча, жасалма документтерди жана Белоруска тоскоолдуксуз киргизүүгө убада беришкен.

Кеп "Ислам мамлекети" террордук тобуна мүчө деп шектелген Хофизжон Усмонов, Мутеулло Асоев, Рахматулло Саликов, Мухаммадрахим Файзов жана Хамза Мухаммад тууралуу болуп жатат.

"Алар "Крокуста" теракт жасаган Шамсидин Фаридуни жана Саидакрам Ражабализода менен байланышта болгон", - деп жазылат билдирүүдө.


Айыптоо корутундусуна ылайык, Усмонов Фаридуни менен Стамбулдун Авжылар районундагы батирде жашаган.


Усмонов, Саликов жана Асоев 24-мартта автобус менен Иранга кетүүгө аракет кылып жатканда кармалса, Фаизов үй-бүлөсү менен төрт күндөн кийин Иран менен чек арага жакын жерде автобуста отурган жеринен кармалган.

"Крокустагы" терактка шектелип кармалгандардын бири 4-мартта Түркиядан келгенин мойнуна алган. Ал киши өлтүрүү үчүн ага жарым миллион рубль сунушташканын айткан. Дагы бир айыпталуучу Фаридун Шамсиддин февралда Instagram баракчасына Стамбулдагы сүрөттөрүн жарыялаган. Анда ал бир эле күндө сегиз сүрөтүн жүктөп, сүрөттөрдүн бардыгынын геолокациясына “Аксарай, Стамбул” деп көрсөткөн.


Москвадагы Crocus City Hall концерттик залында теракт 2024-жылдын 22-мартында болгон. Кол салгандар имараттагы адамдарга автоматтан ок чыгарып, залды өрттөшкөн. 145 адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: