Бишкекте күрөш боюнча өлкө чемпиондугу өтөт
Бишкекте 8-11-январь күндөрү грек-рим жана эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу болот. Иш-чара Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөрүн Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
Грек-рим күрөшү: 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97, 130 килограмм;
Эркин күрөш: 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97, 125 килограмм.
Белгилей кетсек, 8-9-январда грек-рим күрөшү боюнча мелдештер орун алса, 10-11-январь күндөрү балбандар эркин күрөш боюнча күч сынашат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















