super.kg logo

Миланда көчөлөрдө чылым чегүүгө тыюу салынды

 

Ушул жылдын январь айынан тарта Италиянын Милан шаарында бардык коомдук жайларда, анын ичинде калаанын көчөлөрүндө чылым чегүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Андагы маалыматка ылайык, эреже бузгандар 41 доллардан 249 долларга чейин айыпка жыгылат. Мындай чара калаадагы абанын сапатын жакшыртуу, жарандардын ден соолугун коргоо максатында кабыл алынган.

Жергиликтүү бийликтин айтымында, бул чара "бардык коомдук жайларга, анын ичинде көчөлөргө" тиешелүү, бирок "обочолонгон жерлерге" өзгөчө жагдай жасалды. Андай жерлерде тамеки тарткандар башка адамдардан кеминде 10 метр алыс болушу керек.

Ошондой эле Туринде балдардын же кош бойлуу аялдардын жанында, көчөлөрдө тамеки чегүүгө тыюу салынганы маалымдалат. Ал эми Римде көптөгөн ресторандарда ачык асман алдындагы столдордо тамеки чегүүгө уруксат берилсе, Италиянын бардык ири аэропортторунда терминалдардын ичинде чылым чеккенге арналган бөлмөлөр бар.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2024-жылы март айында коомдук жайда тамеки тарткандарга айып пулдун өлчөмү көбөйтүлгөн. Ага ылайык, эреже бузгандар 3000 сом төлөйт. Ошондой эле 16 жашка чыга элек балдарга тамеки саткан жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: