super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө “Кылым банк” аттуу жаңы мамлекеттик банк түзүлдү

 
Кыргызстанда “Кылым банк” аттуу мамлекеттик банк түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда Министрлер кабинетинен билдирди.
Маалыматка ылайык, “Кылым банк” ачык акционердик коомунун 100 пайыз үлүшү мамлекетке таандык болот. Банктын уставдык капиталы 1 миллиард сом болот жана аны 2027-жылга чейин 5 миллиард сомго жеткирүү каралган.
“Кылым банк” эсептешүүлөрдү жана клирингдик операцияларды, баалуу кагаздарды сактоону жана эсепке алууну жүргүзөт. Банк республиканын аймагында борбордук контрагенттин, улуттук депозитарийдин жана номерлөөчү агенттин функциясын аткарат.
Белгилей кетсек, өлкөдө учурда жалпысынан 21 коммерциялык банк иштейт. Алардын ичинен “Элдик банк” жана “Айыл банк” мамлекеттик болуп эсептелет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: