super.kg logo

Интернетке Актауда кулаган учактын күмөндүү сүрөттөрү тарады

 

Азербайжандык англис тилдүү AnewZ басылмасы 2024-жылдын 25-декабрында Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кырсыкка учураган Азербайжан аба жолдорунун (AZAL) учагынын эксклюзивдүү сүрөттөрүн жарыялады.

Сүрөттөрдө тышкы кийлигишүүнүн издери, анын ичинде Азербайжан президенти Илхам Алиевдин айткан версиясын тастыктаган сыныктардын издери бар.

Азербайжан өкмөтүнүн маалыматы боюнча, учак Грозныйга жакындап келе жатканда Панцир-С ракетасы тийген. Министр Рашад Набиев ракеталык чабуул фактысын тастыктап, Илхам Алиев күнөөнү моюнга алууну, күнөөлүүлөр жазаланышын жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп берүүнү талап кылды.

Эске салсак, AZAL авиакомпаниясынын Бакудан Грозныйга учуп бараткан Embraer 190 жүргүнчү учагы 25-декабрда Актауға жакын жерде кулап түшкөн. Учактагы 67 адамдын 38и каза болуп, 29у аман калган. Алдын ала маалыматтарга караганда, учак физикалык жана техникалык тышкы кийлигишүүнүн натыйжасында кулаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: